super.kg logo

"Жылкычы чымчык" тасмасы АКШдагы эл аралык сынакта сыйлыкка татыды

 

Кыргызстандык кинорежиссёр Бегалы Наргозуевдин "Жылкычы чымчык" тасмасы АКШдагы "Гавайи" эл аралык кинофестивалында "Мыкты режиссёрдук дебют" номинациясын жеңип алды. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди.

Тасманын сценарийин Кыргыз эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев, белгилүү кинорежиссёрлор Марат Сарулу, Актан Арым Кубат жана Жамбы Жусубалиева биргелешип жазган. Ал эми эл артисттери Жамила Сыдыкбаева, Чоро Думанаев жана башка белгилүү актёрлор роль жараткан.

"Жылкычы чымчык" - тоолуктардын тазалыгы, карапайым кишилердин улуулугу тууралуу тартылып, ошону менен катар кайдыгерлик, адам пейилинин, экологиянын бузулушу, бала сатуу сыяктуу курч көйгөйлөрдү чагылдырган", - деп айтылат маалыматта.

Тасманын бет ачары Бишкекте былтыр 15-декабрда өткөн. Буга чейин "Жылкычы чымчык" Ницца, Мадрид жана Амстердам шаарларында өтүүчү эл аралык фестивалдарга катышууга да чакыруу алган. Ницца шаарындагы фестиваль 13-майдан 15-майга чейин өтөрү кошумчаланды. Анда фильм "Фестивалдын мыкты тасмасы", "Мыкты операторлук иш", "Мыкты костюм" жана "Мыкты тасма" номинациялары боюнча ат салышат.

Ошондой эле аталган тасма "Ак илбирс - 2023" улуттук кино сыйлыгынын кыска тизмесине илинди. Сыйлык тапшыруу 17-майда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: