super.kg logo

MBANK QR аркылуу накталай акча алуунун ыңгайлуу жаңы жолу

 


ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK — жаңы QR накталай кызматы MKASSA’дан ишке киргизгилгенин жарыялайт.

Накталай акча алуу үчүн эми банкоматтарды издөөнү унутуңуз! Эми сиз «Азия» же «Азбука» супермаркеттер түйүндөрүнүн кассасынан акча каражаттарын MBANK мобилдик тиркемеси аркылуу QR-кодду колдонуу менен накталай ала аласыз.

Каражаттарды накталай алуу процесси жөнөкөй: «Азия» же «Азбука» супермаркет түйүндөрүнүн кассасына барып, кассирден накталай акча берүүнү сурап, терминалдагы QR-кодду сканерлеп, накталай акча ала алыңыз.

«Кыргызстанда накталай акча каражаттары дагы деле активдүү колдонулууда. Ошондуктан, биз кардарларыбыздын ыңгайлуулугу үчүн акча каражаттарын накталай алууну жеңилдеткен жаңы мүмкүнчүлүк түздүк. Мобилдик тиркеме аркылуу QR-код менен кассадан накталай акча алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Мындайча айтканда, банкоматтардан же банк филиалдарынан тышкары, дүкөндүн кассасынан накталай акча алууга болот. Биздин кардарлар Кыргызстандын аймагында биринчи жолу ишке киргизген инновациялык кызматты жогору баалашат деп ишенебиз», - дейт MBANK стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү башкармалыгынын директору Марат Торалиев.

«Азия» жана «Азбука» супермаркеттер түйүндөрү өлкө боюнча жайылып жатат, ошондуктан сиз ар дайым накталай акча алуунун ыңгайлуу жана оңой ыкмасына жете аласыз. «Азия» жана «Азбука» дүкөндөрүнөн акчаны кантип накталайсыз?

1. Дүкөндүн кассасына барыңыз

2.Кассирден керектүү сумманы сураңыз

3. Керектүү сумманы киргизиңиз

4. Терминалдан QR-кодду сканерлеп, акчаны накталай алыңыз

• Комиссия сумманын 0,5%ын түзөт Минималдуу суммасы 100 сом

• Сутка ичиндеги лимит 15 000 сом

• Накталай 100 сомго эселенип берилет (мисалы, 100, 200, 300, 400 сом)

«Азия» жана «Азбука» супермаркеттер түйүндөрүнөн накталай акча алуу үчүн супермаркеттердин тизмесин MBANK тиркемесинен тапса болот. Негизги экранда «Дагы», «Банкоматтар», «MKASSA» бөлүмүн ачыңыз.

Ошондой эле «Азия» жана «Азбука» супермаркеттеринин сайттарынан тапсаңыз болот.

MKASSA’дан жаңы QR накталай кызматын колдонуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз - убакытты үнөмдөңүз, акчаны тез жана эч кыйынчылыксыз алыңыз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: