super.kg logo

Сузактагы кырсык: Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы убактылуу кызматынан четтетилди

 

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы убактылуу иштен четтетилди. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, эми кызматтык милдетти убактылуу Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы аркалайт.

"Биз Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын кызматтык иликтөө жүрүп жаткандыктан убактылуу жумушунан четтеттик. Эгерде анын дагы шалаакылык мүнөздө күнөөсү болсо мыйзам чегинде чечим кабыл алынат. Толугу менен бул ишти алып баруу Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына убактылуу милдеттендирилди", - деди ал.

Ошондой эле Кендирбаева балдар жана ата-энелерге жеринде көмөк көрсөтүү үчүн күнү-түнү тамак-ашы, жатаканасы менен убактылуу кризисттик борбор уюштуруларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 3-майда министр аталган районго барып, бир күн мурунку кырсыкта жабыркаган окуучулардан кабар алды.

Кечээ, 2-майда Сузак районунда "Манас" айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды Портер коюп кетип, 32 бала жабыркаган. Hyundai Porter'дин ичинде айдоочусу жок болгону, анын ээси унаасын токтотуп койгон жеринен унаа өзү ордунан жылып кеткени айтылган.






03.05.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: