Эмгек министрлигинин кызматкерлери Сузакта кырсыктаган балдарга жардам көрсөтүшүүдө



Эмгек министрлигинин кызматкерлери Сузакта кырсыктан жабыркаган балдарга жардам көрсөтүшүүдө. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Сузак райондук, Жалал-Абад шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын кызматкерлери, психолог адистер менен бирге Сузактагы Портер автокырсыгынан жабыркаган өспүрүм балдарга психологиялык жана гуманитардык жардамды көрсөтүшүүдө.
"Жаракат алган балдардын арасында аз камсыз болгон үй-бүлө катары “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуучулар жана турмуштук оор кырдаалга кабылган, ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган 7-класстын окуучусу бар. Азыркы учурда Сузак аймактык ооруканасында жатат.
Министр Гүлнара Баатырованын тапшырмасы менен, жабыркаган өспүрүмдөргө жана алардын кароочуларына соцкызматкерлер бекитилип, президенттик фонддон бөлүнгөн каражатты алууга көмөк көрсөтүшүүдө", - деп жазылат маалыматта.

