Камчыбек Ташиев: "Баңгизаттардын клубдарга кирүүсүнө, ал жакта сатылуусуна жол бербегиле"

Баңгизаттардын кайсыл түрү болбосун клубдарга кирүүсүнө, ал жакта таркатылып, сатылуусуна жол берилбеши керек. Мындай пикирди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Анда УКМК башчысы укук коргоо органдары баңгизаттарынын таркатылышынын алдын алуу багытында ыкчам иш-аракеттерди көрүп келерин баса белгилеген.
"Тилекке каршы, акыркы убакта өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө түнкү клубдардан маң заттары (көбүнчө синтетикалык кошулмалар) алынып, ал туурасында жалпыга маалымдоо каражаттарында маалымдалып келет.
Жаштарыбыздын саламаттыгына кам көрүү багытында иштерди дагы да күчөтүү максатында түнкү клубдарды иштеткендерге, алардын ээлерине да эскертүү!
Баңгизаттарынын кайсыл түрү болбосун клубдарга кирүүсүнө, ал жакта таркатылып, сатылуусуна жол бербегиле!
Эгерде ошондой учурлар катталса мыйзам чегинде жоопко тартыласыздар. Клубду иштеткендер дагы, анын кожоюндары дагы", - деп жазды Ташиев.

