Ноокат жана Ысык-Көлдөгү шайлоого 22 миллион сомдой сарпталат
Ноокаттагы №5 жана Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнүн чыгымы 21 миллион 748 миң сом деп белгиленди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, смета шайлоо тилкелерин уюштуруу, комиссия түзүү, техникалык жабдуулар жана коопсуздукту камсыздоо чыгымдарын эске алуу менен эсептелген.
Белгилей кетсек, Ноокат менен Ысык-Көлдө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-июнга белгиленген.
Эске салсак, Боршайком 23-апрелдеги жыйынында Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Ал Жогорку Кеңештин депутаттыгына №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген.
Ал эми 25-апрелде Ысык-Көл округунан шайланган депутат Максатбек Сарбагышев мандатын тапшыруу үчүн арыз жазганы кабарланган. Анын арызын Боршайкомдун мүчөлөрү бир добуштан колдогон.

