super.kg logo

Акылбек Жапаров Сузактагы кырсыктан жабыркаган балдардан кабар алды

 

Бүгүн, 3-майда Сузактагы "Манас" айтуу фестивалында жабыркагандардын ичинен 10 бала атайын борт менен Бишкек шаарына жеткирилди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров балдардан кабар алып, алар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болорун билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, төрагага балдардын абалы жана аларды дарылоонун мындан аркы планы айтылды.

"Маалым болгондой, 4 бала жандандыруу бөлүмүнө, 6 бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. Балдарды текшергенден кийин хирургиялык кийлигишүү жөнүндө чечим кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 2-майда Сузак районунда "Манас" айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды Портер коюп кетип, 32 бала жабыркаган. Hyundai Porter'дин ичинде айдоочусу жок болгону, анын ээси унаасын токтотуп койгон жеринен унаа өзү ордунан жылып кеткени айтылган.

Бүгүн, 3-майда кырсыктан жабыркаган балдардан кабар алуу үчүн жерине УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева барды.

Кырсыктын бардык жагдайларын тактоо үчүн комиссия түзүлдү.

Жандандыруу бөлүмүндө жаткан беш баланын үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 200 миң сомдон берилди. Жабыркаган дагы 30 балага 50 миң сомдон бөлүндү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: