Мэрия Бишкектин көчөлөрүн жууй турган 4 унаа алды

Мэрия Бишкек шаарынын көчөлөрүн жууй турган 4 унаа алды. Бул боюнча калаа башчысы Айбек Жунушалиев билдирди.
Айтымында, унаалар сыноо иретинде алынган. Дагы мындай унаадан 30 даана алуу пландалып жатканы кабарланды.
"Сиздерге маалым болгондой, буга чейин Бишкектин көчөлөрүн эски унаалар менен колдон келишинче тазалап, жууп келгенбиз.
Анда жол жээгине топтолгон кумдар бордюрдан ашып, көк чөпкө чейин ыргытылчу. Жыйынтыгында жол жээгиндеги газондор, бадалчалар куурап калчу. Эски унаанын шыпыруу, тазалоо мүмкүнчүлүгү ошондой эле.
Эми болсо сыноо иретинде жолдорду жууй турган төрт унаа алдык. Азырынча сыноо иретинде. Жалпы жонунан ордо калаа көчөлөрүн иретке келтирүүгө мындай унаадан 30ду алган жатабыз", - деп билдирди калаа башчысы.
видео
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.