super.kg logo

Самат Эркинбеков: "Аялды муштум менен эмес, акыл менен деле башкарса болот"

 

SUPER.KG порталынын бул жолку чыгарылышынын коногу актёр, алып баруучу Самат Эркинбеков болду.

"Аялды муштум менен эмес, акыл менен башкарса болот" деген актёр жашоосундагы урунттуу учурларын айтып жатып, эки жүздүүлүк жана жеке чек араны бузгандар тууралуу өз пикирин билдирди. Ошондой эле аялдарга жасаган мамиледеги көйгөйлөргө токтолду.

"Аялдарга карата зомбулук мурда деле болуп келген. Анда интернет өнүгө элек заман болуп, көп нерсе айтылбай калган. Мындай окуяны айылга барганда гана "баланча аялын сабап коюптур" деп угуп калчубуз. Азыр интернет өнүгүп, мындай кабарлар бат эле тарап кетет. Мен ойлойм, аялдарга болгон зомбулук мурда эле күчөгөн. Азыр дагы көбөйүүдө. Буга билимдин жетишсиздиги, ичкилик, үй бүлөгө даяр болбой туруп үйлөнүп алуу, эркектин мен башкарам деп үстөмдүк кылуусу себеп болууда.

Эми аялды муштум менен эмес, акыл менен деле башкарса болот. Атам алсыз эркектер аялдарга кол көтөрөт деп айтаар эле. Анткени алар бир маселени сөз менен чечкиси келбей, кол көтөргөндө оңой чечилет дешет депчи. А, сөз менен маселени чечишип алсаң жакшы да. Аялга бардык шартты түзүп берип, анан өзүңдүн шарттарыңды койсоң туура болот. Ошондо ал сени сыйлайт", - дейт ал.

Мындан тышкары анда башкаруучулук сапат жок экенин жана ал үчүн катуураак мүнөз керектигин кошумчалады.

Толугураак SUPER.KG порталынын YOUTUBE каналынан көрүңүздөр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: