super.kg logo

ИИМдин кызматкерлери Чолпон-Атада өткөн эл аралык марафонго катышты

 
Бүгүн, 4-майда Чолпон-Ата шаарында өткөн "Run the Silk road-Shanghai Cooperation Organization" эл аралык марафонуна милиция кызматкерлери катышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Ага ылайык, марафон Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өтүп, ага дүйнө жүзү боюнча 22 мамлекеттен 3000ден ашуун спортчу катышты.
ИИМдин басма сөз кызматынын кызматкерлери - Бакыт Сеитов, Тилек Оторов, Замирбек Сыдыков, Адилет Мусаев, Айдана Каныбекова, Марал Чалова жана Сыймык Муктарбеков ошондой эле Кыргыз милициясынын ардагери генерал-майор Кемелбек Киязов чуркады.
Марафондун негизги максаты - сергек жашоо образын жайылтуу, калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу болуп саналат.
Белгилей кетсек, өлкөнүн ИИМинин БМЖКККсы «Run the Silk road-Shanghai Cooperation Organization» марафонунун расмий өнөктөшү болуп саналат. Мындан улам катышуучуларга жана байгелүү орундарды ээлегендерге анын логотиби түшүрүлгөн эстелик белектер тапшырылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: