super.kg logo

Чүйдө жол жээгиндеги баш аламан соода-сатыктар иретке келтирилүүдө

 

Чүй облусунда унаа тыгындарын алдын алуу максатында иш-чаралар өтүп жатат. Бул боюнча облустук ЖКККБ билдирди.

Ага ылайык, бүгүн Бишкек-Алматы-Ташкент айланма жолунун 232-чакырымынын 238-чакырымына чейинки аралыкта төмөнкүдөй жумуштар аткарылды:

  • Жолдун жээгиндеги курулуштар, баш аламан соода-сатыктар иретке келтирилди;
  • Жол жээгиндеги тилкелерде мыйзамсыз соода түйүндөрүн, тамактануу пунктуларын, сервистерди, жарнама такталарын курууну иретке келтирүү максатында профилактикалык иш-чара өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө өзүм билемдик менен жол жээгинде мыйзамсыз соода жүргүзгөн жана курулуш курган жарандар аныкталды. Аларга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесине ылайык 3000 миң сомдон протоколдор түзүлдү.

Мындан тышкары соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: