super.kg logo

Бишкекте “Король Лир” спектаклинин премьерасы өттү (сүрөттөр)

 
Бишкекте Кыргыз улуттук академиялык драма театрында дүйнөлүк классиканын шедеври Уильям Шекспирдин жаңы иштелип чыккан “Король Лир” спектаклинин премьерасы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, спектаклди Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын актёрлору ойношту. Король Лирдин ролун өлкөнүн эл артисти Турусбек Жумалиев ойноду.
Аталган спектакль менен Москвадан, Санкт-Петербургдан чыгармачыл топ (режиссёр, сүрөтчү, хореограф) атайын чакыруу менен келип иштеген.
"Шекспирдин “Король Лир” пьесасы 1606-жылы жазылып, биринчи жолу 1608-жылы басылып чыккан. Спектакль жазылгандан бери дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө көп коюлуп, тасмага тартылып келет" - деп айтылат билдирүүдө.
Спектакль бүгүн, 5-майда да тартууланат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: