"Ала-Тоо" аянтында оңдоо-түзөө иштери жүрүүдө (сүрөт)



Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтын реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Мэриядан маалымдашкандай, бүгүнкү күндө флагштокту жана ардактуу кароолду демонтаждоо иштери, ошондой эле жабууларды алуу иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, аянттын борбордук бөлүгүндөгү, батыш жана чыгыш тарабындагы фонтанга келген суу түтүктөрүн жаңылоо, фонтандын сырткы конструкциясын өзгөртүү мерчемделүүдө.
Ошондой эле Бишкек башкы архитектура муниципалдык ишканасы тарабынан 100 метрлик желексаптын долбоору иштелип чыкты.
Курулуш иштери 31-августка чейин жүргүзүлөрү кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.