super.kg logo

Баткенде селдин нугуна курулган имараттар алынат

 

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Баткен облусунун аймагында сел келген аймактарды кыдырууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда ӨКМден билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 5-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам Раззаков шаарынын аймагына сел суулары келген. Учурда кырдаалды жөнгө салуу жана кесепеттерин жоюуда ӨКМ куткаруучулары жана Жарандык коргонуу кызматтары жумуш алып барууда.

Ага ылайык, Чыгыш көчөсүндө жайгашкан 3 турак үйдүн жертөлөсүнө кирген сел калдыктарын тазалоого ӨКМден 10 куткаруучу тартылды. Лейлек району жана Сүлүктү шаары боюнча жалпы 33 куткаруучу тартылды.

"Чыгыш көчөсүндө сел суулары кирген турак үйлөр негизинен селдин нугуна мыйзамсыз салынган. Министрдин орун басары жергиликтүү эл менен жолугушуп, селдин нугун ачуу зарылчылыгын түшүндүрүп, бул боюнча тиешелүү тараптарга тапшырмаларды койду", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: