Кыргыз окуучусу эл аралык олимпиадада күмүш медаль алды

Ага ылайык, аталган олимпиадада окуучулар 1 күмүш, 3 коло медаль жана 2 Ардак грамота жеңип алышкан:
Күмүш медаль – Ян Бобрус, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу;
Коло медаль – Нурсултан Эшперов жана Сейит Рыскулов, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 10-классынын окуучулары,
- Нурдөөлөт Капаров, Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 10-классынын окуучусу;
Ардак грамота – Назар Киргизбаев жана Айдин Асанкадыров, Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 10-классынын окуучулары.
Окуучуларды олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.
Белгилей кетсек, 27-апрелден 2-майга чейин Варна шаарында өткөн 41-Балкан математикалык олимпиадасына (BMO 2024) 22 өлкөнүн окуучулары катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.