super.kg logo

Сузактагы кырсык: Депутаттар Бишкекке жеткирилген окуучулардан кабар алды

 

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Камила Талиева жана Кундузбек Сулайманов Бишкек шаарында дарыланып жаткан балдардан кабар алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, эл өкүлдөрү дарылануудагы бардык балдардын абалы менен таанышып, дары-дармектердин жетиштүүлүгүнөн кабар алган.

Ошондой эле жабыркаган балдардын жакындары менен баарлашкан депутаттар колдоо сөздөрүн айтышып, балдардын тез арада сакайып кетүүсүнө тилектештигин билдиришкен.

Эске салсак, 3-майда Сузактагы "Манас" айтуу фестивалында жабыркагандардын ичинен абалы оор деп бааланган 10 бала атайын борт менен Бишкек шаарына алынып келинген. Кийинки күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров балдардан кабар алып, алар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болорун билдирген болчу.

Сузактагы каргашалуу окуя 2-май күнү Катмы жайлоосунда болгон. Анда "Манас" айтып жаткан балдарды Porter автоунаасы жылып кетип, сүзгөн. Кырсыктан 35тей бала жабыркаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: