Караколдо унаасы менен тротуарга чыгып кеткен такси айдоочусуна 5500 сом айып пул салынды

5-май күнү Каракол шаарында борбордук аянттын жанындагы скверде жергиликтүү тургундар видеого тартып алган окуя болгон. Анда ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаа тротуарда бара жатканы байкалган.
"Каракол шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери тарабынан аталган унааны аныктоо боюнча тез арада издөө иштери башталган. Издөө иштеринин натыйжасында, аталган унаанын айдоочусу кармалган.
Бул факт боюнча "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 188-беренесинин негизинде протокол түзүлгөн. Айдоочуга 5 миң 500 сом айып салынды", - деп билдиришти аталган башкармалыктан.
Мындан тышкары кызматкерлер айдоочу менен мындай эреже бузууларга жол бербөө жана жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.