super.kg logo

Мамлекеттин менчигине өткөн бир катар объект аукционго коюлду

 

Мамлекеттин менчигине өткөн объектилер аукционго коюлганын бүгүн, 7-майда Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, мүлктүн ичинде уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүдө алынган объектилер дагы бар.

Аукционго коюлган объектилер:

  • Эгиздер мунарасы - жалпы аянты 773,8 чарчы метр болгон кеңсе. Дареги: Бишкек шаары Жукеев-Пудовкин көчөчөсү 87/2;
  • "Кристалл Таш-Көмүр" ААКсы - Ташкөмүр шаарында жайгашкан "Кристалл" заводунун мүлктүк комплекси. Жер тилкесинин жалпы аянты 525,3 гектарды түзөт;
  • "Ак-Марал" - Чолпон-Ата шаарындагы "Ак-Марал" эс алуу борборунун акциялары;
  • "Ай-Пери" бизнес борбору - Жалпы аянты 5 878,3 чарчы метр. Имарат Чүй көчөсү, 158 дарегинде жайгашкан;
  • "Зодиак" эс алуу борбору - Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан, жалпы аянты 3 068 чарчы метр;
  • "Баткен" базары - "Баткен комфорт" соода-базар комплекси уюштурулган 2,9 гектар жер тилкеси менен "Бишкек жүк ташуучу автотранспорт ишканасынын" акциясы;
  • "Кыргыз каганат" - "Ихлас" курулуш комплекси Ош шаарында жайгашкан. Жалпы аянты 5085 чарчы метр болгон турак эмес жай. Баштапкы баасы 682 миллион 550 миң сом. Электрондук аукциондун кадамы 100 миң сом;
  • ЖК "Имаратстили" - "Империал" курулуш комплексинин Ош шаарындагы Масалиев проспектиси, 98 дарегинде курулуп жаткан 14 кабаттуу үйдөгү турак эмес жайы. Аянты 1 400 чарчы метр. Баштапкы баасы 149 миллион 825 миң сом. Электрондук аукциондун кадамы 100 миң сом;
  • "Аманат" - "Аманат Резиденс" курулуш комплекси. Объект Ош шаары, Ибраимов көчөсү, 11-1 дарегинде жайгашкан. Баштапкы баасы 251 миллион 433 миң 092 сом. Электрондук аукциондун кадамы 100 миң сом.

Толук маалыматты (0557) 337 723 телефон номери аркылуу же www.auctionetp.gov.kg сайтынан билсе болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: