super.kg logo

Бишкек мэри Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттуктады

 

Бүгүн, 7-майда калаа башчысы Айбек Жунушалиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Асек Урманбетов жана Василий Пухаревдин үйүндө болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар мэри ардагерлерди Жеңиш күнү менен куттуктап, ыраазычылык билдирди. Аларга чың ден соолук жана бакубатчылык каалаган Жунушалиев ардагерлерге президенттин атынан белектерди жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Эске салсак, Асек Урманбетов 1923-жылы туулган. Ал Украинанын жана Беларустун ар кайсы аймактарында согушкан. 1943-жылы декабрда полктун командиринин буйругу менен чалгындоо боюнча маанилүү тапшырманы аткарган. Эки жоокер менен ал немистердин 76 унаасын ар кандай жүктөрү менен кармаган.

"Жеңиштин урматына "Ата Мекендик согуш", "Кызыл Жылдыз" ордендери, көптөгөн аскердик медалдар, юбилейлик медалдар менен сыйланган. 2016-жылдын 30-августунда "Даңк" медалы менен сыйланган. Пенсияга чыкканга чейин айыл чарба өндүрүштүк кооперациясында башкы бухгалтер, ревизор болуп иштеген. Акын жана жазуучу. Ал “Ак жол” коомдук фондунун президенти болуу менен жеңишке арнап китеп жазып, кары-картаңдарга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кароосуз калган балдарга демөөрчүлүк кылып келет. 6 баласы жана 68 небере-чөбөрөсү бар", - деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Василий Пухарев 1924-жылы туулган, Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу. 1942-жылы аткычтар полкунун курсанты, андан кийин аткычтар дивизиясына жиберилген, 1943-жылы зениттик артиллериялык полкко которулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: