Бишкек мэриясы жарандарга 700 миң сомдон ашык айып пул салды






Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясы 702 миң 500 сомго 55 протокол түздү. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, айыптарды негизинен жарандар жана чарбалык субъектилер алган.
Ага ылайык, кечээ, 6-майда өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө Октябрь району боюнча 225 миң сомго 15 протокол, Свердлов районунда 213 миң 500 сомго 18 протокол, Биринчи май районунда 660 миң сомго 6 протокол, Ленин району боюнча 198 миң сомго 16 протокол түзүлүп, айып салынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:43
2025-07-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.