super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтары биргелешкен билдирүү жасады

 

Кыргызстандын Баткен облусу боюнча жана Тажикстандын Согди облусу боюнча чек ара өкүлчүлүктөрү кечээ, 7-майда орун алган окуядан соң биргелешкен билдирүү жасады. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, бүгүн, 8-майда Кыргызстандын Баткен облусу боюнча жана Тажикстандын Согди облусу боюнча күч жана укук коргоо түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн жана Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районунун жана Тажикстандын Согди облусунун Джаббар-Расул районунун жетекчилеринин жолугушуусу өттү.

Жолугушуу учурунда тараптар төмөнкү маселелерди талкуулашты:

- тараптардын жарандары жана чек ара кезмети ортосунда чыккан чыр-чатактын жалпы себептери;

- чек арага канатташ жашаган мал жайып жүргөн тургундардардын жүрүм-туруму;

- кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде мүмкүн болуучу чек ара чыр-чатактарын болтурбоо маселелерин чечүү.

"Тараптар жумушту жергиликтүү бийлик органдарынын деңгээлинде уюштурууну, багыттар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, эки мамлекеттин чек арага канатташ райондорунун калкы ортосунда жакшы коңшулук жана туугандык мамилени кармануу боюнча коюлган тапшырмаларды жүзөгө ашырууну макулдашышты", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 7-майда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок атуучу курал пайдаланылган окуя орун алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: