super.kg logo

Жылнаама: 23-декабрь. Апрель окуясы дүйнөнүн эң маанилүү 10 окуясынын тизмесине кирген

 

* 1844-жылы (169 жыл мурун) бугу уруусунун Орусия империясынан букаралык сурап кайрылуусуна жооп иретинде империянын Тышкы иштер министрлиги Боромбай Бекмуратовго кат жолдогон.

* 1953-жылы (60 жыл мурун) Сталиндин жакын кишилеринин бири Бериянын иши боюнча сот өкүмү чыккан.   

* 1972-жылы (41 жыл мурун) Катуу зилзала Никарагуанын борбору Манагуаны урандыга айланткан. 10 миңден ашуун адам каза болуп, 20 миңден ашууну ар кандай жаракат алган.  

1985-жылы (28 жыл мурун) Алжир өлкөсүнүн мамлекеттик ишмери Ферхат Аббас көз жумган.   

* 1995-жылы (18 жыл мурун) Кыргыз Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, КРнын радио жана телевидение күнүн белгилөө жөрөлгөсү киргизилген.     

* 2004-жылы (9 жыл мурун) Кыргызстан жазуучулар союзу түзүлгөн. Кыргызстан жазуучуларын бириктирген курултайга президент Аскар Акаев катышып, Кыргызстан жазуучулар союзуна улуттук статус ыйгарылган. Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун төрагалыгына коомдук ишмер жана акын Жалил Садыков, кошуундун катчылыгына Мелис Абакиров, Сейит Алтымышев жана Маркабай Ааматов шайланышкан. Ушул эле курултайда бир катар акын-жазуучуларга мамлекеттик наамдар ыйгарылган.

* 2010-жылы (3 жыл мурун) Апрель окуясы дүйнөнүн эң маанилүү 10 окуясынын тизмесине кирген.   Белгилүү орусиялык “РИА Новости” жана башка агенттиктердин версиясы боюнча, Апрель окуясы дүйнөнүн эң маанилүү 10 окуясынын тизмесине кирген.

Жылнаама толугу менен бул жерде... 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: