Ошто кызганычтан улам кыздын сабалышы: Окуянын видеосу тарады
Ошто түн ичинде кыз кишини белгисиз эркек аёосуз ур-тепкиге алып жаткан окуянын видеосу тарады.
Анда эркек кызды алгач бет талаштыра уруп жибергенин, катуу сокку жеген кыз өзүн жоготуп жерге жатып калганда, тиги эркек кызды кийиминен кармап ары-бери сүйрөп, бөйрөккө муштап, жаакка чаап жатканын көрүүгө болот. Арадан көп убакыт өтпөй алардын жанына бир топ жигиттер чогулуп калганда видео өчүп калат.
Ош шаардык милициясы кызга зомбулук көрсөткөн деп шектелип 2001-жылы туулган жаран кармалганын билдирди.
"Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда, жаңжал кызганычтан чыккан. Окуя боюнча кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти шаардык милициядан.
Видео
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.