Орус драма театрында аймактардан келген балдар үчүн кайрымдуулук спектакли көрсөтүлөт
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик орус
драма театрында бүгүн, 23-декабрда саат 13:00дө кайрымдуулук спектакли
көрсөтүлөт. Ага Ысык-Көл облусунун Покровка айылындагы балдар,
Военно-Антоновкадагы мектептин окуучулары, Стрельников айылы менен Бишкек
шаарынын көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жана Чүй облусунун балдар үйүнүн
тарбиялануучулары үчүн жаңы жылдык жомок коюлат. Бул тууралуу аталган драма театрдан
билдиришти.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
“Режиссёру Марат Амираев ыр, бий, куйкум тамашалар
аралашкан жаңы жылдык мыкты спектаклди тартуулоонун алдында турат. Анда “Буратинонун
укмуштуу окуялары” жомогунун каармандары балаты айланып жакшы маанай тартуулайт
деп ишенем. Ошондой эле катышуучулар жаңы жылга арналган көргөзмөнү көрө алышат”
деп жазылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.