super.kg logo

Токмокто ара төрөлгөн ымыркайлар үчүн бөлүм ачылды

 

Токмок шаарында патология менен төрөлгөн балдардын жана балдардын соматикалык бөлүмүнүн расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

14-майда болгон иш-чарага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, президенттин Чүйдөгү өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, Кувейт Аль-Сафа фондунун негиздөөчүсү шейх Мухаммад Абдурахман Алшаянын катышкан.

Статистикага ылайык, Кыргызстанда жыл сайын төрөлгөн 150 миң баланын 5 пайызы ара төрөлгөн ымыркайлар. Акыркы 10 жылдын ичинде өтө аз салмактуу балдардын аман калуу деңгээли 5тен 7 пайызга чейин өскөнү белгиленген.

Эки кабаттуу бөлүмдүн жалпы аянты 634 чарчы метр. Анда тамбур, вестибюль, күтүү зонасы, каттоо жайы, кароо бөлмөсү, дарыгерлердин, медайымдардын бөлмөлөрү, стерилизация бөлмөсү бар. Алты күндүзгү стационар бөлмөсү, душ бөлмөсү, эмдөө, процедуралык, медициналык буюмдарды сактоо жана чарбалык бөлмөлөр даярдалган. Ошондой эле имарат медициналык жабдуулар жана керектүү эмеректер менен толук камсыздалган.

Белгилей кетсек, бөлүмдүн курулушу толугу менен “Ас-Сафа Борбору” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 42 миллион сомдон ашык каражат жумшалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: