super.kg logo

Кыргызстан-Малайзия түз аба каттамдарын ачуу маселеси талкууланды

 
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Малайзиянын туризм, искусство жана маданият министри Тионг Кинг Синг менен жолугушту.
Министрликтин берген маалыматына ылайык, жолугушуу кечээ, 15-майда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында орун алган.
Министр өз сөзүндө дүйнөлүк аренада жумшак күчтүн кубаттуу куралы катары маданияттын ролун баса белгилеп, эки элдин маданиятынын өзгөчөлүгүнө жана дүйнөлүк маданиятка түс берген салымын айтты. Ошондой эле "дүйнө элинин көңүлүн буруу үчүн маданий баалуулуктарыбызды жана искусствобузду жайылтууда кызматташуубуз керек", - деп белгиледи.
Ал эми Тионг Кинг Синг өз кезегинде кызматташуудагы артыкчылыктуу багыттарды белгилеп, мындай кызматташуу келечекте өз жемишин берет деген ишеничин билдирди.
Жолугушууга ошондой эле Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев катышып, Кыргызстан-Малайзиянын мурда түзүлгөн макулдашууларын актуалдаштыруу керектигин айтышты. Мындан тышкары туризм тармагын жандандыруу жана Кыргызстан- Малайзиянын ортосунда түз авиа каттамдарды ачуу боюнча талкууланды.
Жыйынтыгында маданият тармагындагы кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбоорун биргеликте иштеп чыгуу тууралуу макулдашылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: