Быйыл Бишкекте жаңы төрт коомдук даараткана курулат. Дареги
Бишкекте коомдук даараткана куруу иштери уланып жатканын SUPER.KG порталына Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинен билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Бишкекте жалпы 27 коомдук ажаткана иштеп жатат. Мындан сырткары быйыл шаардык бюджеттен Ак-Босого скверинде - 1, "Жаштар" сейил багында - 1 жана Ак-Өргөө конушундагы скверде 2 коомдук даараткана курулмакчы.
Ал эми борбордун 8 аймагындагы ажатканалар ижарага берилген. Алар:
- Панфилов паркында;
- "Эмен" паркында;
- Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги өтмөктө;
- Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Киев көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде;
- Өкмөт үйүнүн айланасында;
- Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын түндүк тарабында;
- Дене тарбия жана спорт академиясынын сквериндеги дааратканалар.
Коомдук дааратканалар жылдын төрт мезгилинде иштейт жана кирүү баасын ижарачылар аныктайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-09
22:08
2025-07-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.