super.kg logo

Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү көбөйдү

 

“Электр станциялары” ААКсы Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү боюнча маалыматты жаңылады. Ага ылайык, бүгүн, 16-майга карата суу сактагычта суунун көлөмү 8 миллиард 427 миллион метр кубду түздү.

Маалыматка таянсак, учурда суунун агып кирүүсү секундасына 1191 метр кубду, ал эми суунун агып чыгышы 170 метр кубду түзүүдө.

Белгилей өтсөк, былтыр, 16-майга карата суунун көлөмү 8 миллиард 200 миллион куб метрди түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: