super.kg logo

Жаңы үлгүдөгү акчаларды текшерүү үчүн "Кыргыз сом" мобилдик тиркемеси иштелип чыкты (видео)

 

Улуттук банк 2023-жылда чыккан жаңы банкноттордун коргоо элементтерин интерактивдүү форматта көрсөтүү максатында "Кыргыз сом" мобилдик тиркемесин иштеп чыкты. Бул тууралуу кечээ, 15-майда мекемеден билдиришти.

Маалымдалгандай, тиркеме жаңы 5-сериядагы банкноттордун коргоо элементтерин жарыкка салып кароодо, жантайтып кароодо жана чоңойтуп көрсөткөн айнек (лупа) менен кароодо кантип текшерип алууну көрсөтөт.

“Банкнотту сканерден өткөрүүгө смартфондун камерасы колдонулат. Мобилдик тиркемени AppStore жана Google Play колдонмолору аркылуу жүктөп алууга болот”, - деп билдирет маалыматта.

Белгилей кетсек, Улуттук банк мобилдик тиркеме 2023-жылда чыккан валютанын банкнотторунун коргоо элементтери менен таанышуу максатында гана иштелип чыккандыгын эскертет. Ошондой эле банкноттордун аныктыгын текшербей тургандыгын кошумчалаган.






Жаңы үлгүдөгү акчаларды текшерүү үчүн "Кыргыз сом" мобилдик тиркеме иштелип чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: