Салык кызматкерлери Сосновка постунда жүк ташуучу унааларга рейд жүргүзүштү
Сосновка айылындагы жол тыгынын келип чыгуусунун себеби - Салык кызматы тарабынан оор жүк ташуучу унааларга карата рейд жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 15-майда социалдык тармактарга Жайыл районунун Сосновка айылынын Толкун 1 унаа өткөрүүчү жайында айдоочулар чогулуп, жүк ташуучу унаалар топтолгон видео тараган.
Аталган факт Жайыл РИИБине катталып, алдын ала териштирүү учурунда Салык кызматынын 20дан ашык кызматкери тарабынан рейддик иш-чара жүргүзүлүп, жүк ташуучу унаалар текшерилип жаткандыгы аныкталган.
Ага ылайык, учурда Толкун 1 унаа өткөрүүчү жайында абал туруктуу, унаалар өз нугунда өткөрүлүүдө. Чүй ОИИББинин жана Жайыл РИИБинин тийиштүү кызматынын кызматкерлери жеринде кызмат алып барышууда.
