"Манас" аэропортунда жүргүнчүлөр менен кызматкерлер эвакуацияланды



"Манас" эл аралык аэропортунда бомба коюлду деген маалымат түшүп, кызматкерлер менен жүргүнчүлөр эвакуацияланды. Бул тууралуу маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүү аэропорттун электрондук дарегине жөнөтүлгөн. Андыктан коопсуздук үчүн эвакуациялоо иштери жүргүзүлүп, жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, укук коргоо органдарынын жана аэропорттун коопсуздук кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүшкөн.
"Учурда абал жакшы, эвакуациялоо иштери токтотулду", - деп маалымдады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.