super.kg logo

Депутат Акаев окуучуларды массалык иш-чараларга тартуулар көбөйгөнүн айтты

 

Бүгүн, 16-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев балдарга карата жасалып жаткан зомбулуктар көп болуп жатканын, ошондой эле окуучуларды массалык иш-чараларга тартуулар тыйылбаганын айтып, өкмөттү тийиштүү чараларды көрүүгө чакырды.

Анын айтымында, акыркы убактарда балдарга байланыштуу жаман жаңылыктар көп болуп жатат.

"Акыркы жумадагы эле жаңылыктарды карап көрөлү. 3 жашар Наргиза деген кызыбыз сабалды, азыр ооруканада. Нарын дарыясына жаш балдар чөгүп кетти деген жаңылыктар. Балдар жөнүндө абдан көп өкүнүчтүү, кейиштүү жаңылыктар чыгып жатат. Мына 2 жаштагы Игорь деген баланы сабаган адам соттун 2 инстанциясы менен 5 жылга соттолгонуна карабастан Жогоку Соттон ал үй камагына чыгып кетти. Ал баланы аёосуз сабаган, керек болсо жыныстык мүчөсүн кескилеген. Бул адам бүгүн эркиндикте. Урматтуу аткаруу бийлигинин өкүлдөрү, биз балдарга болгон мамилени түп тамырынан өзгөртүшүбүз керек", - деди Акаев.

Мындан тышкары депутат окуучулар мамлекеттик кызматкерлерди тосуп алуу иш-чараларына тартылып жатканын белгиледи.

"Балдарды декорация катары колдонуп, чиновниктерди тосуп алган иш-чаралардын бардыгын сүрөткө, видеого тартып чыгарыш керек. Буга таптакыр жол берилбеш керек. Кыш ызгаарында дагы гүлдү карматып, көйнөкчөн коюп коюшат. Керек болсо массалык, маданий иш-чараларда туруп, эси ооп кулаган балдар дагы бар. Буга Министрлер кабинети системдүү, радикалдуу чечимдерге барышы керек деп ойлойм", - дейт эл өкүлү.

Ошондой эле Жанар Акаев ооруга чалдыккан балдар дагы көбөйүп жатканын кошумчалады.






Жогорку Кеңеш 16.05.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: