super.kg logo

Кеминде тургун күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага жаткырылды

 

Кеминдин тургуну күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага жаткырылды. Маалыматты бүгүн, 16-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Анара Мамбетисаева SUPER.KG порталына тастыктады.

Анын айтымында, бейтап 3-майда уйду союп жиликтегенге жардам берген. Жана союлган малдын эти кимге таркатылып берилгендиги аныкталып жаткандыгын кошумчалады.

“Бейтап кечээ, 15-майда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Тийиштүү анализдер алынды. Союлган малдан жуккан болушу мүмкүн деген божомолдор бар. Андыктан атайын дарыгерлерден турган топ жеринде анализ кылуу максатында чыгып кетишкен. Мал союлган жердеги топурактан да анализ алып жатабыз. Кошумча маалымат берилет”, - деди Мамбетисаева.

Белгилей кетсек, бул жагдайга чейин Жалал-Абаддын тургунунан күйдүргү аныкталгандыгы айтылган. Айыл чарба министрлиги 13-майда маалымат таратып, мал жандыктарынан сибирь жарасы аныкталбаганын билдирген.

Маалымат үчүн: Күйдүргү (сибирь жарасы деп да аталат) – денени ууландыруу, чыйрыктыруу менен коштолгон курч мүнөздөгү жугуштуу оору. Терини, кээде ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат, ошондой эле канды бузат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: