Кайра шайлоо: Ноокат шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 6 талапкер арыз жазды







№5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн алты талапкер арыз берди. Бул тууралуу 15-майда Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, эң алгач депутат болуу ниетин 30-апрелде Бакытбек Марипов билдирген. Учурда 6 талапкер арыз берди. Алар: Бакытбек Марипов, Айболот Айдосов, Байжигит Мурзакматов, Артыкбай Абдивалиев, Элдар Кудайбердиев, Санжарбек Төлөнбаев.
Белгилей кетсек, Ноокат менен Ысык-Көлдө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-июнда өтөт. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:10
2025-07-24
18:31
2025-07-24

Рейтинг:
0

