super.kg logo

Кыргызстандык үч кыз белгисиз жагдайда чек өлкөгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы айтылды

 

Кыргызстандык бир кыз Азербайжанга, дагы эки кыз Арменияга кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев билдирди.

Эл өкүлү ага жардам сурап эки жаран кайрылганын айтып, алардын жана дайынсыз болуп жаткан кыздарынын аты-жөндөрүн тактады.

"Биринчиси - Кара-Суу районунун тургуну. Ал былтыр 6-августта кызы белгисиз себептер менен "Достук" өткөрүү жайы аркылуу Өзбекстандын аймагына өтүп, андан ары Азербайжанга кеткенин, ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын айтты.

Экинчи кайрылган жаран - Араван районунун тургуну. Ал эки кызы Москвада иштеп жүрүп үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде белгисиз жагдайда Арменияга өтүп кеткенин билдирди. Апасы алардын артынан Арменияга издеп барган. Ал полицияга барып, полиция кызматкерлери кыздары менен телефон аркылуу сүйлөштүргөндө алар орус тилинде сүйлөшкөн. Апасы телефондун артынан кыздарына "орус тилинде сүйлөшкүлө!" деген буйрук болгонун уккан. Апасынын айтымында, кыздары психотроптук заттарды колдонгон сыяктуу, адаттан тыш сүйлөшкөнү сезилген", - деди Нурбаев.

Ал президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып, маселени өз көзөмөлүнө алууну, ошондой эле ИИМ, ТИМ, УКМК менен бирге иш алып барууну тапшырды.

"Бул жерде бир эле окуя эмес. Адам сатуу фактысы болуп жатабы? Ата-энелер чырылдап, барган жеринен жооп ала албай жатышыптыр. Бул эки үй-бүлөнүн тагдыры мага кайрылып белгилүү болгондору эле да. Балким, бизге кайрылбаган дагы канча үй-бүлө ушинтип сыздап отурат", - деди эл өкүлү.






Жогорку Кеңеш 16.05.24.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: