super.kg logo

Депутат Сокулукта 120 орундуу мектепте 500дөн ашык окуучу окуп жатканын айтты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев Сокулуктагы Биринчи май айылында 500дөн ашык окуучу 120 орундуу мектепте 3 нөөмөт менен окуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кийинки окуу жылына кошумча имарат салуу керек. Бул маселе боюнча тиешелүү комитеттерге протоколдук тапшырма берип койсоңуздар", - деди депутат.

Ошондой эле эл өкүлү Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздар айдоочулук күбөлүккө байланыштуу көйгөйлөргө туш болуп жатканын билдирди. Кенжебаев өз сөзүндө алар Тажикстанга кире албастыгын, мындан улам жол коопсуздук кызматкерлери маселе жаратып жатканын белгилеп, ИИМ, Тышкы иштер министрлиги бул маселени чечүү керектигин айтты.

Мындан сырткары депутат жол маселесин көтөрүп, Сокулуктагы стадиондун курулушун бүтүрүүгө жардам көрсөтүүнү суранды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: