super.kg logo

Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт

 

Эртең, 17-майда Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-майда саат 9:00дөн 24:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттыкты сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү району:

- Аламүдүн суусу – темир жол тилкеси – 7-Апрель – Салиева көчөлөрү.
- Фрунзе – Курманжан датка – Шабдан баатыр – Лермонтов көчөлөрү.
- Лермонтов көчөсүнүн батыш тарабы Шабдан баатыр проспектисинен тартып Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү.

Белгилей кетсек, шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу өчүрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: