super.kg logo

“Административдик айып пул салынат”. Бишкекте мэрдин орун басары семичке чаккан тургунду тартипке чакырды (видео)

 

Кечээ, 15-майда Бишкек мэринин орун басары Рамис Алиев Айни көчөсүндөгү унаа токтоочу жайда семичке чагып, кабыгын жерге ыргытып жаткан айдоочуну тартипке чакырган видеосу менен бөлүшкөн.

Анда тургун семичке баскан адамдардын, өткөн унаалардын изи менен жок болуп кете тургандыгын айтып, "бул жерди эч ким тазалабайт, шыпырбайт" деп ишендирүүгө аракет кылган.

Анда Рамис Алиев Айни көчөсүн 72 жаштагы апа тазалай тургандыгын айтып, шаардын кайсыл жери болбосун кайдыгер болбой, тазалыкты сактоо негизги милдет экендигин түшүндүргөн.

Ошондой эле ал тазалыкты сактабагандарга административдик айып пул салына тургандыгын кошумчалаган.

“Турмуш-тиричилик таштандыларын жана башка буюмдарды белгиленбеген жерлерге таштоо - жеке жактарга 5 миң 500 сом өлчөмүндө, юридикалык жактарга 17 миң сом өлчөмүндө айып салууга алып келет”, - деп жазган Алиев.






“Бирөөнүн эмгегин баалагынды үйрөнөлү”. Бишкектин вице-мэри семичке чагып жаткан тургунду тартипке чакырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: