"Унааны сатып, карыздарын жапкан". Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Маалыматка ылайык, 22-апрелде милицияга С.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал М. аттуу жаран ишеничине кирип, баасы 31 миң доллар турган Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаасын сатып берем деген убадасы менен алганын, бирок унааны үчүнчү тарапка 24 миң долларга сатып, өзүнүн карыздарынан кутулуп салганын айткан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Алдамчылыкка шектүү делген 1983-жылы туулган Д.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.