"Канча гезит-журнал ушул жерден тарайт". Бишкекте күркө ээлери нааразычылыгын айтышты (видео)







SUPER.KG порталына бүгүн, 16-майда Бишкектеги гезит-журнал саткан күркөлөрдүн ээлери кайрылды. Алар калаанын Шопоков/Чуйков көчөлөрүнүн кесилишиндеги күркөлөрүнүн алынып жатканына нааразычылыгын айтышты.
Сатуучулар 3 жылдан бери архитектуралык-техникалык корутунду албаганын, анын төлөмү көбөйүп кеткенин билдиришип, мэриядан төлөмдү төгүүгө убакыт сурап жатышканын кошумчалашты.
"Өткөндө келишип, бул жердеги күркөлөрдүн баарын алабыз деп эскертүү беришкен. Биз эмне үчүн аласыңар, эмненин негизинде десек, "көп жылдан бери бекер турасыңар" дейт. Биз ушунча жылдан бери патент менен иштегенибизди айттык. Азыр эле эмне болду билбейм.
Эгер көчөдө биз тоскоолдук жаратып жатсак бизге башка орун беришпейби. Гезит-журналдарды бир эле шаардыктарга эмес, башка региондорго дагы жөнөтөбүз", - деди сатуучулардын бири Калбүбү Мураталиева.
Мындан тышкары сатуучуларга күркөлөрдү алуу себептери айтылбаганына нааразы болуп, башка жерден орун берилсе жумушубузду уланта берет элек деген пикирин кошумчалады.
Ал эми сатуучулардын дагы бири Рахматулла Амиров шаардык мэриянын Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгына барып сүйлөшүп келишкенин айтты.
"Кечээ барып сүйлөшүп келгенбиз. Алар 3 жылдык ижара акысын төлөсөңөр келишим түзөбүз дешкен. Бүгүнкү Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы эч нерсе билбейбиз деп жатышат. Түшүнбөй калдык. Баарын алабыз, бузабыз дешүүдө. Макул төлөйбүз дедик. Республикадагы жалгыз базар ушул. Канча гезит-журнал ушул жерден таркайт. Ушуну бийлик өкүлдөрү бир көзөмөлгө алып берсе деген сураныч", - дейт Амиров.
гезит
16.05.24

