super.kg logo

Ноокен районунун тургунунун үйүнөн мыйзамсыз ок атуучу куралдар табылды

 

Ноокенде мыйзамсыз курал сактаган жаран аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.

Ага ылайык, 25-апрелде Ноокен районунун аймагында М. аттуу жаран үйүндө мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган.

Бул боюнча топтолгон материалдар Ноокен РИИБине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чаралары алкагында шектүү 1967-жылы туулган Ноокен районунун тургуну М.А. экендиги такталып, 10-майда анын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.

"Натыйжада 5,6 калиберлүү сайлуу ТОЗ-99 үлгүсүндөгү курал 37-даана огу менен (анын ичинен 5 даанасы магазинге салынуу болгон), Вепрь 7,62 үлгүсүндөгү 1 даана сайлуу курал 7 даана огу магазинге салынып куралга тагылган абалда, ИЖ-28Е жана ИЖ-18 үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу куралдар, ошондой эле ок жасоого керектүү шаймандар табылып алынып, алынган далил буюмдарга карата тиешелүү экспертиза дайындалган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда алынган курал-жарактардын мыйзамдуулугун аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: