super.kg logo
  Саясат  

Кадамжайда 24 өспүрүм өз жанын кыюуга аракет жасап, 3 өспүрүм каза болгон

 
Көп улуттар жашаган Баткендин Кадамжай районунун Айдаркен шаарында мектеп рэкетчилигине жана суицидге каршы ачык эшик болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Кадамжай РИИБинен кабарлашты. 
Аталган иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мечит имамдары жана милиция кызматкерлери катышышты. Кадамжай РИИБинин башчысынын орун басары Кадыров Эмил окуучулар арасында кылмыштуулук өсүп жатканын, 11 ай аралыгында 24 өспүрүм өз өмүрүнө кол салууга аракет кылганын айтып өттү. 
Иш-чаранын соңунда милициянын жаш жардамчыларына күбөлүктөр берилип, алдынкы окуучуларга сыйлыктар тапшырылды.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун аймагында үстүбүздөгү жылдын 11 ай ичинде өспүрүмдөр тарабынан 11 кылмыш иши катталып, баарынын бети ачылган. Мектеп курагындагы 3 өспүрүм өз жанын кыйган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: