Кеминде күйдүргүгө шектелген жарандын ооруканага түшүшү: Союлган мал эмдөөдөн өткөн
Кемин районунун Кароол-Дөбө айылынын тургунунун сибирь жарасына (күйдүргү) шектелип ооруканага түшкөндүгүнө байланыштуу азыркы учурда лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүдө. Бул тууралуу Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунан билдиришти.
Андагы маалыматка ылайык, 15-майда Кемин районунун Кароол-Дөбө айылынын тургуну сибирь жарасына шектелип ооруканага түшкөн.
Ветеринардык кызматтын жана Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун адистери жогоруда аталган айылга барып, эпизоотиялык жана эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүп, союлган малдан лабораториялык изилдөөгө үлгү алынып тапшырылган (эт, топурак). Азыркы учурда лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүдө. Акыркы диагноз лабораториянын жыйынтыгы менен коюлат.
"Белгилей кетсек, союлган мал сибирь жарасына каршы эмдөөдөн өткөрүлгөн. Кемин районунда сибирь жарасы боюнча эпизоотияга каршы иш-чаралардын планы белгиленген мөөнөттө 162%га аткарылган.
Кемин районунун Кароол-Дөбө айылынын аймагы сибирь жарасынан таза, анткени мурда ылаңдын очогу катталган эмес.
Бүгүнкү күндө жеринде сибирь жарасына каршы ветеринардык-санитардык иш-чаралар жүргүзүлүүдө; Сибирь жарасы боюнча эпизоотиялык абал туруктуу, малдар арасында ылаңдаган жана күмөндүү жагдай аныкталган жок.
Сибирь жарасына каршы пландуу эмдөө үчүн Ветеринардык кызматтын резервинде 846 489 доза вакцина бар", - деп билдиришти аталган борбордон.

