"Чындык үчүн күрөшөбүз!" Замира Молдошева "кыргызча сүйлөөгө тыюу салды" деген кофекана билдирүү жасады
Белгилүү стилист-дизайнер Замира Молдошева буга чейин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Бишкектеги кофеканалардын биринде ага кыргызча сүйлөөгө тыюу салганын айтып, кайрылуу жасаган.
Анда ал аталган кофеканага ар дайым барып келгенин, ушунусунда администратор кыргызча сүйлөөгө тыюу салынганын айтканын айтып ачууланган.
Ал кофекана Бишкектеги Michelle аттуу кофекана экени белгилүү болду. Өз кезегинде аталган кофекана жалган маалымат таратылып жатканын айтып, буларга токтолду.
"Биз жөнүндө жалган маалымат таратылды. Ошондуктан биз ар-намысыбызды жана кадыр-баркыбызды коргоого аргасызбыз.
Биз эне тилибизге, маданиятыбызга ар дайым чоң урмат менен мамиле кылып келгенбиз жана азыр дагы кылып келебиз. Бул идеяны кофекананын ачылышынан бери жактап, колдоп келебиз.
Мындан тышкары бизде бир жылдан бери кыргыз тилиндеги электрондук меню иштеп келет. Бир дагы улуттук майрам конокторубузга сый-урмат көрсөтпөстөн өткөн жок. Бардык кызматкерлерибиз жана конокторубуз каалаган тилде сүйлөшөт. Буга эч качан тыюу салынган эмес, салынышы да мүмкүн эмес!" - деп жазылды кофекананын билдирүүсүндө.
Ошондой эле аталган кофекана эмне себептен ушуга чейин унчукпай отуруп келгенин түшүндүрдү.
"Анткени биз бул жалаанын күчөй турганын, чуулгандуу хайп экендигин жана кара пиардын артында ким турганын дароо эле түшүндүк. Ошондуктан тез арада расмий арыз жазып, укук коргоо органдарына кайрылуу чечимини кабыл алдык. Себеби жалаа жабуу мыйзамга каршы келет.
Биз бул маселени мыйзамдуу негизде чечүү жана Замира Молдошеванын ишине компетенттүү органдар тарабынан баа берүү үчүн иш жүргүзө баштадык. Биз бул ишти жөн эле калтырбайбыз жана чындык үчүн күрөшөбүз.
Анткени чоң аудиториясы бар адам бардык сөздөрү үчүн чоң жоопкерчилик тартат жана муну эске алуу керек. Сиздерден мындай адамдардын провокацияларына ишенбей, анын ордуна өз элибиздин үнүн угууңуздарды суранабыз", - деп кошумчалашты кофеканадан.




1 |