super.kg logo

Оштогу мектептерде билим берүүдө Япониянын ыкмасы киргизилет

 

Ош шаарындагы беш мектепте япониялык адистер тарабынан математика боюнча жаңы билим берүү ыкмаларын киргизүү боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, мекеменин социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (мындан ары JICA) өкүлү Мория Масахиро менен жолугушту.

“Долбоорду ишке ашырууга Ош мэриясы тарабынан колдоо көрсөтүлөрү айтылып, математика сабагы боюнча мугалимдердин билимин жогорулатууга багытталган семинарларды өткөрүү, окуучулардын дараметин аныктоо үчүн япониялык изилдөө тобунун мүчөлөрү тарабынан сабактарга байкоо жүргүзүү боюнча макулдашылды", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми изилдөөнүн максаты – Ош шаарындагы 5 мектептин башталгыч класстарынын окуучуларынын билим деңгээлин текшерүү, мүмкүнчүлүгүн баалоо болуп саналат.

Ага ылайык, изилдөө башталгыч класстын окуучуларынын логикалык ой жүгүртүүсүн жогорулатууга, мугалимдерге математика боюнча жаңы ыкмаларды үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: