super.kg logo

Бишкектеги гезит саткан базар: Сатуучулар мэрияга нааразы болушту (видео)

 

SUPER.KG порталына кечээ, 16-майда Бишкектеги гезит-журнал саткан күркөлөрдүн ээлери кайрылган. Алар калаанын Шопоков/Чуйков көчөлөрүнүн кесилишиндеги күркөлөрүнүн алынып жатканына нааразычылыгын айтышкан.

Сатуучулар аталган базардан бардык аймактарга гезит-журналдар тарай тургандыгын айтып, учурдагы интернет заманында да гезиттердин активдүү окурмандары бар экендигин кошумчалашты.

"Өзүм 25 жылдан бери гезит-журнал сатам. Батирде турам. Бүгүн Свердлов районунан келишип, бул жерде туурууга мүмкүн эмес, жыйнап алгыла дешти. Биз өзүбүздүн Кыргызстанда туруп эки метр жерге гезит сатканга уруксат жок бекен? Мисалы, кээ бир адамдар интернетке алым сынбайт, гезит окуганды жактырат", - дейт Мейман Балтабаева.

Окурмандардын бири күркөлөрдүн алынып жатканын угуп, наарызы болгон оюн ортого салды.

"Ушул жерден дайыма гезит сатып алам. Бул жакты алып жатканын силерден угуп жатам. Албетте, бул туура эмес. Биз көнүп калганбыз, ыңгайлуу да. Эми кенедей жерди алуунун эмне кереги бар? Иштей берсин да", - деди ал.

Свердлов райондук администрациясынын экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Эдил Саралаев аталган жайды протоколдук тапшырманын негизинде демонтаж кылып жатышканын билдирди.

"Бул жерде демонтаж кылып жатабыз. Протоколдук тапшырма түшкөн. Бир ай мурун баарына эскертме берилген. Биз бул жерди мыйзамдаштыргыла деп талап коюудабыз. Азыр объект документтери жок мыйзамсыз турат", - деди ал.

Толугу менен видеодон көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: