super.kg logo

"Манас" аэропортунда Инчхон-Бишкек-Загреб багыты боюнча алгачкы транзиттик каттам аткарылды (сүрөт)

 

Кечээ, 16-майдан тарта T’way Airlines авиакомпаниясы Инчхондон (Түштүк Кореяга) Загреб шаарына (Хорватияга) багыт алып – "Манас" эл аралык аэропортуна жүргүнчүлөрү менен транзиттик каттам аткарды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.

Маалым болгондой, T’way Airlines авиакомпаниясы аэропортко конуп, учакты май менен камсыздады. T'way Airlines транзиттик каттамдары жумасына үч жолу аткарылат.

Ага ылайык, "Манас" аэропортунда май куюу учурунда 350 жүргүнчү кафелердин, дүкөндөрдүн кызматтарынан жана "Манас" аэропортунун башка артыкчылыктарынан пайдаланып, терминалдын ыңгайлуу шарттарында эки саатка чейин убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

"Бул кадам "Манас" эл аралык аэропортунун кадыр-баркын көтөрүп, жаңы жүргүнчүлөрдү тартуу менен Кыргызстанды дүйнөнүн бардык туристтери үчүн жеткиликтүү кылат. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз жаңы бийиктиктерди багындырып, Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдоого салым кошо алабыз деп ишенем", - деди "Манас" аэропортунун төрагасы Манасбек Самидинов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: