Топтомо пенсияны кандай учурда алса болот? Соцфонддун жообу
Социалдык фонд топтомо пенсияны алуунун жолдору тууралуу маалымат менен бөлүштү. Бул жөнүндө фонддун расмий сайтына жайгашты.
Кыргыз жарандарынын пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкүдөй учурларда пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар:

- “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга ылайык пенсия алган жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар жана пенсия алууга укуктуу пенсионерлерге төлөнүп берилет.
2. Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөнүн чегинен тышка чыкканда:
- Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кеткен же кетип жаткан жарандар да жеке камсыздандыруу эсептеринде сакталган пенсиялык топтомолорун ала алышат.
3. Мураскорлор:
• Жаран каза болгон болсо, ал тирүүсүндө камсыздандырылса, жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтолгон каражатты маркумдун мураскорлору алууга укуктуу.
4. Аскер кызматкерлерине төлөө:
• Аскер кызматкерлеринин жаш курагы жалпы белгиленген 63 жашка жетип, МПТФнын эсебинде каражаты болгон учурда топтомо пенсиялык фонддон каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Аскер кызматкерлери Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүн аскердик кызмат өтөө мезгилинде чегербей тургандыгын белгилей кетүү маанилүү. Бул мүмкүнчүлүк аскердик кызматка чейин же андан кийин жарандык чөйрөдө иштеген жана Соцфондго тиешелүү төгүмдөрдү төлөгөн жарандарга карата колдонулат.
5. Ипотекалык насыялоо:
• Ипотекалык насыя алган же алып жаткан жана «МИК» ААКсы тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча каражаттарды төлөгөн жарандар, ошондой эле алардын жубайлары, алардын өз үйү бар болсо дагы пенсиялык топтоо каражаттарын баштапкы төгүмдү каржылоо жана ипотекалык насыясын төлөө үчүн колдоно алышат.
6. Жумушсуздук:
• Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдар эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмүн эске алып пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат.
7. Оор ооруларды дарылоо:
• Оор дартка кабылган жарандар жана алардын үй-бүлөлөрү дарыланууну каржылоо үчүн пенсиялык топтомо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда ала алышат.
Статистикалык маалыматтарга (01.05.24) ылайык, Пенсиялык топтомо каражаттарын алгандардын жалпы саны 201 724 адам (3597,1 миллион сом). Анын ичинде:
- Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөө - 180 469 адам (2 024 миллион сом);
- Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткендерге төлөө - 3 899 адам (186 миллион сом);
- Каза болгон адамдардын мураскорлоруна төлөө - 10 474 адам (264,6 миллион сом);
- Аскер кызматчыларына төлөө - 892 адам (8,4 миллион сом);
- Ипотекалык кредит алып жаткандарга - 358 адам (74,1 миллион сом.);
- Ипотекалык кредит алгандарга - 5 002 адам (975,6 миллион сом.);
- Турак жайды ижарага алуу боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөргө (“МИК” ААК каржылайт) - 65 адам (7 миллион сом);
- Расмий түрдө жумушсуз деп таанылгандарга төлөө - 207 адам (3,4 миллион сом.);
- Оор оорулары бар адамдарга төлөө - 358 адам (54 миллион сом).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.