Таластын тоолорундагы бугулардын сүрөттөрү жарыяланды (сүрөт)
Блогер Медер Мырзаев өзүнүн Фейсбук баракчасына Таластагы Беш-Таш коругунун аймагындагы бугулардын сүрөттөрүн жарыялады.
Анын айтымында, бугулар Кыргызстандын түндүгүндөгү карагайлуу токой өскөн бардык кырка тоолорунда жүрүшөт.
"Бирок 19-кылымдын аягында бугуларды жырткычтык менен жок кылуу башталган. Алар элдик медицинада колдонулуп, Кытайга көп санда жеткирилген жаш малдын этин жана мүйүзүн алуу үчүн атылган. Жетүүгө мүмкүн болбогондуктан бугулар Нарын облусунун түштүк-чыгышында, Нарын-Тоо кырка тоосунун түндүк этегинде гана аз санда аман калган», — деп жазган блогер.
Ал Таласта тартылган бугулар мындан бир нече жыл мурун Беш-Таш жаратылыш паркына алынып келинип, бүгүнкү күндө алардын саны өсүп жатканын баса белгиледи.
Белгилей кетсек, 2016-жылдын маалыматы боюнча бугулардын саны 150-170 баш болсо, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 500 башка чейин көбөйгөн.
