super.kg logo

"Жол кырсыктары күндөн-күнгө көбөйүп жатат". Ички иштер министри катуу чаралар көрүлөрүн эскертти

 

Бүгүн, 17-майда ИИМ башчысы Улан Ниязбеков онлайн режиминде кеңешме өткөргөнүн мекеменин басма сөз кызматынан кабарлады. Ага министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын жана жети дубандын ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Анда орчундуу маселелердин бири болгон жол кырсыктарын алдын алуу пропагандасы өз деңгээлинде жүргүзүлбөй жаткандыгы баса белгиленди.

Интернет социалдык тармактарында жол-унаа кырсыктары боюнча видеолор байма-бай чыгып, коомчулуктун тынчын алган учурларды көрүп жатасыздар. Узак чакырымдарды түзгөн унаа тыгындары боюнча терс маалыматтар же адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар боюнча маалыматтар жарыяланып, эл арасында катуу талкуу жаралгандан кийин реакция жасаганды өнөкөткө айлантып алдыңыздар. Талдоо боюнча караганда, жол кырсыктары азайбай эле, тескерисинче, күндөн-күнгө көбөйүп жатат. 4 айдын жыйынтыгы менен караганда, жол кырсыктары 4 пайызга өсүп кеткен. Жалпылап айтканда, жол кырсыктарын алдын алуу боюнча таасирдүү пропагандалык иштер жүргүзүлбөй жатат.

Андыктан баарыңыздарга эскертүү - жол кырсыктары азайып, алдын алуу иш-чаралары күчөтүлмөйүнчө бул маселе коллегиянын күн тартибинен алынбайт жана катуу чаралар көрүлөт. Ар бир райондук, шаардык, жетекчилерден баштап, облустук жетекчилерге чейин бул маселеге жооп беришет", - деди Ниязбеков.

Ошондой эле министр Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилигине кайрылып, берилген тапшырмалар боюнча тиешелүү чараларды уюштурууну тапшырды.

"Жер-жерлерде өз алдынча талдоолорду жүргүзүп, кылмыштын кайсы түрү өсүп жатат, анын ичинде коомго зыян келтирген кайсы кылмыштар менен окуялар орун алууда, жол кырсыктары эмне себептен өсүүдө, аны кантип токтотууга болот деген багыттар боюнча иш алып барыңыздар. Мурдагы жылдары катталган кылмыштардын бетин ачуу, баңгизаттарга, экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү ишмердигин күчөтүү, жарандардын арыз-билдирүүлөрүн ар тараптуу жана калыс тергөө, элдин ишенимин жогорулатуу – приоритеттүү багыт болуп эсептелет. Бардык жетекчилер, бул багыттар боюнча сапаттуу иш алып барыңыздар. Ал эми жол кырсыктарынын саны күн сайын өспөй, тескерисинче, азайышы керек. Адам өмүрү менен ден соолугу баарынан кымбат жана кол тийгис болуп эсептелет, аны коргоого баарыбыз милдеттүүбүз”, - деди ал.

Жыйында ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын, ошондой эле шаардык жана облустук жетекчилердин ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: